Жаңылыктар
С. Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат
Кыргызстан жаңылыктары
С. Жээнбеков бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат

Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн аймактарына болгон жумуш сапары уланууда. Бүгүн мамлекет башчы бир күндүк иш сапары менен Талас облусуна барат. 

Сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына барып, "Чыңгыз Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексинин курулушу менен таанышат. 

Президент ошондой эле облустун жашоочулары менен жолугушуп, айыл чарба, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу, аймактын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу иштери менен таанышат.