Жаңылыктар
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлерин белгисиз төрт жаран сабап кетти
Кылмыш
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлерин белгисиз төрт жаран сабап кетти

Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин белгисиз төрт жаран "селсаяк" деп мазактап, бирөөсүн сабап кетишти. Бул тууралуу ишкананын маалымат катчысы Жибек Каракеева "Фейсбук" баракчасына жазды. 

Окуя 11-июлда Лущихина көчөсүндө болгон. Маалым болгондой, эки жигит таштанды чыгарган унаанын айдоочусун четке алып чыгып, дагы эки бала таштанды жүктөп жаткан кызматкерди муунтуп, таш менен чабышкан. 

Окуя боюнча милицияга арыз жазылып, жүктөгүч кызматкер ооруканада экени айтылды. Шаардык милиция окуя болгонун тастыктап, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.