Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу кеңештин “Акнет” компаниясына байланыштуу кайрылуусу
Кыргызстан жаңылыктары
КТРК: Байкоочу кеңештин “Акнет” компаниясына байланыштуу кайрылуусу

Урматтуу КТРКнын жана корпорациянын курамына кирген бардык каналдын көрүүчүлөрү, 7-июлда “Акнет” кабелдик каналы өз абоненттери арасында маалымат таратты. Анда “КТРК ФИФАнын коммерциялык эмес көрсөтүүлөр тууралуу регламентин бузуу менен “Акнет” компаниясын футбол боюнча дүйнөлүк мелдештин ТВ сигналы үчүн олуттуу өлчөмдө акча төлөөгө мажбурлап жатат” - деп жазылган.

Буга байланыштуу КТРКнын Байкоочу кеңеши “Акнет” өзүнүн абоненттерин адаштырууда жана ошол эле маалда КТРКнын ишкер беделине, кадыр баркына жана ар намысына шек келтирди - деп эсептейт.

КТРК футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө лицензия алган жалгыз медиа айдыңы экенин белгилеп коюу зарыл.

“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” мыйзамга ылайык, КТРК чектеш укуктун ээси катары жер үстүндөгү, кабелдик, спутниктен жана интернет аркылуу, ошондой эле үчүнчү тараптарга (бул учурда футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти) көрсөтүүгө уруксат бергени үчүн сый акы алууга укуктуу.

Көңүл буруучу жагдай, КТРК менен "Акнет" компаниясынын ортосунда лицензиялык келишим бар. Андагы пункттардын биринде Корпорация айрым контентти алып көрсөтүүдө өзүнчө акы төлөшү керек деп жазылган. Бул учурда футбол боюнча дүйнөлүк мелдешти көрсөтүүгө милдеттүү түрдө өзүнчө келишим түзүшү керек. Документке ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузулган учурда КТРК тиешелүү чара көрүүсү үчүн сот жана укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.

Учурда КТРК маселени Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында укуктук талаада чечүү үчүн документтерди даярдап жатат. Түзүлгөн кырдаалга карабастан КТРКнын Байкоочу кеңеши тараптарды сабырдуулукка, ал эми талаш маселени КТРКнын беделине шек келтирүүчү айыптоолорсуз, башкысы кыргызстандыктардын футбол майрамын бузбай Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, конструктивдүү жана профессионалдуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү менен чечүүгө чакырат.

Урматтоо менен, КТРКнын Байкоочу кеңеши