Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

11-июлда саат 21:34тө Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Зилзала Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3,5 баллга, Токтогул шаары жана Торкент айылында 3 баллга жеткен. Ал эми Кара-Көл шаарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.