Жаңылыктар
Кыргызстандын таза экологиялык азыктарына Европада суроо талап жогору
Экономика
Кыргызстандын таза экологиялык азыктарына Европада суроо талап жогору

Кыргызстандын экологиялык таза азыктарын Европа базарына чыгарууга мүмкүнчүлүк берген ВСП+ макамы жеткиликтүү деңгээлде пайдаланылбай жатат. Бул туурасында экспорт маселелерине арналган өкмөт жыйынында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи.

Буга байланыштуу өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму макамынын алкагында Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын деталдык планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Кыргызстандын айыл чарба, текстиль жана жүндөн жасалган экологиялык азыктарына Европадан суроо талап жогору. Бирок бүгүнкү күндө ВСП+ макамынын артыкчылыктарынын белгилүү бөлүгү гана пайдаланылып, жеңилдиктер толук эмес көлөмдө колдонулуп жатат. Жеңилдетилген макам 6 миңден ашуун товардык позициянын алымсыз жеткиликтүүлүгүн камсыздайт. 

Статистикага ылайык, 2016-жылы ЕБ өлкөлөрүнө экспорттун жалпы көлөмү алтынды экспорттоону эсепке албаганда, 72,3 млн долларды түзгөн, анын 4,4 % гана ВСП+ жеңилдиктер тартиби алкагында жеңилдетилген тарифтик коюм боюнча бажыдан өткөрүлгөн. Экономика министринин маалыматында, атамекендик экспортерлор үчүн негизги көйгөй катары тастыктоочу документтерди алууда техникалык тоскоолдуктардын орун алуусу, Европа өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрдү издөөдөгү жана атамекендик товарлардын ЕБ сапаты боюнча талаптарга дал келүүсүн тастыктоодогу кыйынчылыктар, ЕБ рыногундагы жогорку атаандаштык, ошондой эле өлкөнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу жогорку транспорттук чыгымдар саналат.

Өкмөт башчы өлкө ишкерлеринин арасында кеңири түүшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле аларга ВСП+ макамы алкагындагы жеңилдиктерди пайдаланууда колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз европалык рынокто башкалардан айырмаланчу жана сатып алуучулар арасында кызыкчылык жараткан товарларды алга жылдыруубуз керек. Биз бул багытта тутумдук ишти жүргүзүүбүз зарыл”, - премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстан европалык рынокто башкалардан айырмаланчу жана сатып алуучулар арасында кызыкчылык жараткан товарларды алга жылдыруубуз керек. Биз бул багытта тутумдук ишти жүргүзүүбүз зарыл деген өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагында ЕБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын деталдык планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.