Жаңылыктар
Дүйнөдөгү жашоосу кымбат шаарлар
Дүйнө
Дүйнөдөгү жашоосу кымбат шаарлар

Швейцариянын Цюрих жана Женева шаарлары жашоо үчүн дүйнөдөгү эң кымбат калаалар деп табылды. Бул тууралуу "UBS AG" банкы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында айтылат. Жашоо үчүн эң кымбат болгон шаарлардын алдыңкы бештигине Осло, Копенгаген жана Нью-Йорк кирген. 

Тизмеде жалпысынан 77 шаар бар. Изилдөөгө ылайык, төрт кишинин бир айлык жашоосуна кеткен минималдык кызматтарды жабуу үчүн Цюрих шаарында бир айлык киреше 4260 доллар болушу кажет. Бул көрсөткүч Женевада 4165 доллар болсо, Нью-Йоркто 3673 долларды түзөт. Ал эми эң арзан шаар деп Каир табылды. Бул калаада бир айда болгону 1272 доллар сарпталат.