Жаңылыктар
Ташкенттин көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымы ыйгарылат
Маданият
Ташкенттин көчөлөрүнүн бирине Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Өзбекстанда Ташкент шаардык кеңеши көчөлөрдүн бирине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алды. Тиешелүү токтомго коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев кол койду. 

Буга чейин Мирзиёев Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөнү тапшырып, анын алкагында илимий, маданий жана адабий иш-чаралар уюштурулууда. Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов Өзбекстанда 1995-жылы “Достук”, ал эми 1998-жылы “Бийик кызматтары үчүн” ордендери менен сыйланган болчу.