Жаңылыктар
Кыргыз автопаркы жаңыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз автопаркы жаңыланат

Өлкөгө алынып келинген унааларга төлөмдүн төмөндөшү автопарктын жаңырышына шарт түзөт. Айта кетсек, апта аралыгында Кыргызстанга кирген унааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

Экономика министрлиги жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, сырттан ташылып келинген автоунааларга бажы алымдары орточо эсеп менен 60 пайызга чейин төмөндөдү. Тагыраагы тариф саясаты 2014-жылдагы абалга кайтып келди.

Айта кетсек, Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин сырттан ташылып келген машинелердин бажы төлөмү жыл сайын көтөрүлө баштаган эле. Мындай жагдайдан улам, өлкөгө унааларды ташып келүү бир кыйла азайган. Иликтөөлөргө таянсак, 2014-жылы Кыргызстанга 100 миңден ашык унаа ташылып келинсе, акыркы эки жылда болгону миңге жетпеген гана унаа кирген.