Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөөнү колдоду

Бишкек шаардык кеңеши калаа башчысы Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөтпөөнү колдоду. Кезексиз жыйынга 45 депутаттын 40 эл өкүлү катышып, жашыруун добуш беришип, жыйынтыгында баары ишеним көрсөтпөө сунушун колдошту. 

Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынынын күн тартибинде бир гана маселе коюлган - шаар мэри Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө. Бул боюнча демилгени “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Рысбай Аматов өзүнө алды. 

Аны эл өкүлү Канатбек Музуралиев колдоду.

Ошентип, депутаттар кесиптештеринин сунушун колдоого алып, бул боюнча протоколго шаардык кеңештеги фракциялардын баары кол койду. Андан соң тыныгуу алып, добуш берүүгө бюлеттендерди даярдоо боюнча чечим кабыл алынды. Бишкек шаардык кеңешинин чечими тууралуу мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиев айтып берди. 

Добуш берүү жашыруун түрдө жүрдү. Чукул чогулушка 45 депутаттын бешөө гана катышкан жок.

Добуш берүү саналып, жыйынтыгында бардык депутаттар Бишкек мэри Албек Ибраимовго бир добуштан ишеним көрсөтпөгөнү маалым болду. Эл өкүлдөрү эмне себептен мындай кадамга барганы тууралуу түшүндүрмө беришти.

Эми мэрдин талапкерлигине Бишкек шаардык кеңешиндеги, коалицияны кошо эсепке алганда бардык фракциялар жана премьер-министр көрсөтүүгө укугу бар. Бардыгы болуп 8 талапкер бар. Бирок Бишкек шаар башчысы кызматына так көрсөтүлчү адам азырынча жок дешет депутаттар.

Ал эми мэриянын малымат кызматы Албек Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыкканын маалымдады.