Жаңылыктар
Өкмөттө "Коопсуз шаар" долбоору талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттө "Коопсуз шаар" долбоору талкууланды

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчиликти ар бир жетекчи алат. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу жана "Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүү маселеси боюнча өткөргөн кеңешмеде айтты. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну создуктурууга укугубуз жок, - деген өкмөт башчы мындан ары жетекчилердин актануулары жана ар кандай шылтоолору кабыл алынбай турганын белгиледи.

Каржы министрлигинде документтерди электрондук түрдө жүргүзүү тутуму 6 жылдан бери иштейт. Система «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун негизинде иштөөдө. Бирок азырынча ал министрлик бөлүмдөрү менен башкармалыктарынын ортосунда гана. Мында кагаз түрүндө министрликке келген каттардын баары сканерден өткөрүлүп, системага катталат да ал документтин кимден келгени ким караганын электрондук түрдө көрүүгө болот.

Ветеринардык кызмат да ишин электрондук түргө өткөрүүдө. Мал каттоону идентификациялоо долбоорунун алкагында өлкөдөгү бодо малдын кулагына эн белги тагылып, каттоого алынган мал тууралуу маалыматтар тутумга кирген. Бул кызмат база аркылуу малды эмдөөдөн өткөрүү көзөмөлдөнүп, райондордогу отчеттор электрондук түрдө кабыл алынат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруу жана «Түндүк» мекемелер аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумун ишке киргизүү маселесин өкмөттүк жыйында талкуулады. Министрлер кабинетинин жетекчиси белгилегендей, «Түндүк» тутуму - бул электрондук өкмөттүн негизи. Аны ишке ашыруу санариптик экономикага өтүү болуп саналат.

Премьер-министр белгилегендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси бир нече жылдардан бери көтөрүлүп келет, бирок азырынча көрсөтө турган эч нерсе жок.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айтуусунда долбоорду ишке ашыруучу жалданма уюмду тандоо үчүн сынак үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин жарыяланат.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдын ар бир жетекчисинин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоор алкагындагы милдеттенмелерди өз учурунда сапаттуу ишке ашыруусу үчүн жеке жоопкерчилигин аныктоону тапшырды. Ошондой эле ар кандай ишенимсиз жана финансылык жактан мүмкүнчүлүгү жок компаниялардын катышуу ыктымалдыгын болтурбоону сунуштады.