Жаңылыктар
Баткен району боюнча быйыл 4 жайлоо балдар бакчасы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен району боюнча быйыл 4 жайлоо балдар бакчасы ачылды

Быйыл Баткен району боюнча 4 жайлоо балдар бакчасы ачылган болсо, алардын үчөө Самаркандек айыл аймагындагы Андыген жайлоосунда жайгашкан. Балдарды өнүктүрүү борборунун ар бирине бирден тарбиячы тартылып, окутуу күн сайын 3 саатка созулат. 

Балдар улуттук баалуулуктар менен таанышып, улуттук оюндар менен алек болушат. Ал эми мындагы тарбиячылар атайын окуу курстарынан өтүп, тандалып алынып айлык маяналары айыл аймактын өздүк бюджетинен каржыланат. Учурда анда 54 бала бар . Жайлоо балдар бакчасын уюштуруудагы башкы максат -Кыргызстанда жашаган элдин маданий тарыхый мурастарын, салттык оюндарын жайылтуу менен бирге тоодогу балдардын ар-тараптуу өсүп өнүгүүсүн камсыздоо. Жайлоо балдар бакчасы өлкөдө 2011-жылдан тарта ишке кирип, облус боюнча 11 жайлоо бала бакча иш алып барууда.