Жаңылыктар
Ички иштер органдарынын жетекчилери жазаланды
Кыргызстан жаңылыктары
Ички иштер органдарынын жетекчилери жазаланды

Ички иштер органдарынын айрым кызматтары менен бөлүмдөрүнүн жетекчилери ишинде бир катар кемчиликтери үчүн жазаланды. Маалым болгондой, жума күнү Ички иштер органдарынын 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы өткөн. 

Анда коллегиянын чечими менен ыкчам иштерди алып барган бөлүмдөрдүн 92 жетекчиси жазага тартылды. Алардын ичинен 15 ээлеген кызматынан бошотулуп, 77 жетекчи дисциплинардык жазага тартылса, экөө башка аймакка которулат. 

Андан сырткары, айрым башчыларга эскертүү берилди. Алардын ишмердүүлүгү тогуз айдын жыйынтыгы боюнча ИИМдин коллегиясында каралат.