Жаңылыктар
Кыргызстандык спортчу Калифорниядан байгелүү кайтты
Спорт
Кыргызстандык спортчу Калифорниядан байгелүү кайтты

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек Уулу жиу-житсу боюнча Калифорниянын ачык чемпионатынан байгелүү орундарга ээ болду. 

Таймаш 14-июль күнү Сан-Францисконун Окленд шаарында өткөн. Анда өлкө атынан Зулкайнар Шайбек уулу катышып, 76 килограмм салмакта кимоночон жана кимоносу жок беттештерде күч сынашып, коло байгеге ээ болгон. 

26 жаштагы Зулкайнар Шайбек уулу аралаш мушташтын вале-тудо версиясы боюнча Кыргызстандын чемпиону, жиу-житсу боюнча бир катар турнирлердин жеңүүчүсү.