Жаңылыктар
ДЧ-2018: Франция курамасы Хорватияны утту
Спорт
ДЧ-2018: Франция курамасы Хорватияны утту

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Франция 4:2 эсебинде Хорватия курамасын жеңип, чемпион болду. Беттештин 18-мүнөтүндө Манджукич биринчи голду өз дарбазына башы менен киргизип, автогол жаратты. Ал эми оюндун 28-мүнөтүндө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңеп кетти. 38-мүнөттө хорваттардын дарбазасына 11 метрлик айып соккусу коюлуп, аны Антуан Гризман ишке ашырды. 1-тайм 2:1 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.

Экинчи таймда француз оюнчулары Поль Погба жана Килиан Мбаппе бирден гол киргизип, финалдык беттешке чекит койду. Ал эми хорваттар буга жооп иретинде бир гол менен гана жооп кайтарды. Дарбазачынын катасынан улам Манджукич топту дарбазага киргизгенге үлгүрдү.

Белгилей кетсек, Франция курамасы экинчи жолу дүйнө чемпиондугун утту. Мындан 20 жыл мурун Бразилияны финалдык оюнда 3:0 эсебинде жеңип, Франция курамасы алгачкы жеңишине жетишкен. Ал эми 2016-жылы Европа чемпиондугунда финалга чыгып, бирок Португалия командасына 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми Хорватия курамасы тарыхында биринчи жолу финалга чыкты. 1998-жылы хорваттар Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алышкан. Ал кездеги жарым финалдык оюндарда Францияга 2:1ге утулуп, 3-орун үчүн болгон беттеште Нидерландыны жеңген.