Жаңылыктар
Ысык-Көлдө өтүп жаткан этнофестиваль учурунда бүркүт кызга кол салды
Кырсык
Ысык-Көлдө өтүп жаткан этнофестиваль учурунда бүркүт кызга кол салды

Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтүп жаткан этнофестивалдагы салбуурун учурунда бүркүт кызга кол салды. Бул туурасында белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров жергиликтүү сайттарга билдирген. 

Анын айтымында, бүркүттөрдү коё берген учурда, ошол жердеги салбуурун өтчү талаага 11 жаштагы кыз чуркап чыга калган. Жырткыч куш аны көздөй тап берип, бактыга жараша, кыз көмкөрөсүнөн жыгылып түшүп, бетин жапканга үлгүрүп, бүркүт далысын чапчып алган. 

Мүнүшкөрлөр дароо жетип барып, кушту ажыратып алышкан. Ошол жердеги эл тез жардам чакырган. Кыздын далы жагы жабыркаган, бирок дарыгерлер жаракат өтө оор эмес, кыздын ден соолугуна кооптуулук жок деп билдиришти.