Жаңылыктар
Июлда күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Июлда күйүүчү майдын баасы көтөрүлбөйт

Июлда күйүүчү майга баа кымбаттабайт. Быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанга ташылып келген бензиндин баасы 2,6 сомго, ал эми дизелдик отундун баасы 4,4 сомго кымбаттады. 

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, баанын кымбатташына Орусиядагы мунай заводдорундагы күйүүчү-майдын тартыштыгы себеп болгон. 

Ал эми июлдан тарта Орусияда бензин базарындагы абал турукташкандыктан Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасы туруктуу кармалары болжонууда. Жалпысынан жарым жылда Кыргызстанга 504 миң тоннадан ашык мунай продукциялары ташылып келген. Анын 234 миң тоннасы бензин, калганы дизель болгон.