Жаңылыктар
Күндүн темасы: Өлкөдө контрабанданын кайсыл түрү кеңири жайылган?
Кыргызстан жаңылыктары
Күндүн темасы: Өлкөдө контрабанданын кайсыл түрү кеңири жайылган?

Коопсуздук Кеңешинин чечимин аткарууда ошондой эле өлкө башчысынын тапшырмасына ылайык экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматы контрабандалык же болбосо мыйзамсыз алып кирүү жана алып чыгуу фактыларынын алты айлык корутундусун жарыялады. 


Анда бул аралыкта мамлекеттик чек араны кесип өткөн 77 контрабандалык факты катталган. Албетте контрабанда бүгүн эле чыга калган жок, экономикалык кылмыштуулукту айтып келгенибиз менен тилекке каршы бул нерселер токтобой келет? Эмне үчүн?Өлкөдө контрабанданын кайсыл түрү кеңири жайылган? 


Бүгүн "Күндүн темасы" уктуруусунда ушул темада талкуу жүрдү.


Уктурууга Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы Азамат Мамбеталиев, Экономикалык эксперт, профессор Жумакадыр Акенеев, Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын өкүлү Мирлан Шеркулов катышты.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"