Жаңылыктар
Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды

Дастан Сарыгулов үй камагына чыгарылды. УКМКдан маалымдагандай, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда мамлекеттик катчы кызматын аркалаган Дастан Сарыгулов суракка алынгандан кийин коё берилди. 

Маалыматтар боюнча, Сарыгуловдун катышуусундагы тергөө аракеттери өткөндөн кийин, ага бийликти күч менен тартып алууга даярдануу беренеси боюнча айып тагылды. Андан кийин Биринчи май райондук соту коомдук ишмерди үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.

Эске салсак, буга чейин Дастан Сарыгулов менен Эрнест Карыбековдун оппозиционерлердин жолугушуусун талкуулаган сүйлөшүүсү боюнча видеотасма интернет булактарында тараган. Карыбеков бир нече күн мурда камакка алынган болчу.