Жаңылыктар
Сууга түшүүдөгү коопсуздук иш-аракеттери
Кыргызстан жаңылыктары
Сууга түшүүдөгү коопсуздук иш-аракеттери

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Чүй облусунда сууга түшүүдөгү коопсуздукту сактоо боюнча, массалык түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак акыркы 2 айдын ичинде, 9 адам сууга чөгүп каза тапкан. 

Алардын дээрлик баары сууга түшүүгө уруксат берилбеген каналдарга же көлмөлөргө  эс алууга баргандар. Учурда ӨКМ суудагы бөөдө кырсыкты алдын-алуу жана  куткаруу иштери боюнча атайын тактикалык машыгууларды өткөрүүдө. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлмайрам Асылбекова, "Биринчи радио"