Жаңылыктар
Кара-Балта суусуна агып кеткен адам табыла элек
Кырсык
Кара-Балта суусуна агып кеткен адам табыла элек

Кара-Балта суусуна агып кеткен 26 жаштагы жүргүнчү бир жумадан бери табыла элек. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-июлда саат 08:30дан тарта Жайыл райондук №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Панфилов райондук №2 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу издөө иштерин улантып жатышат.

10-июль күнү Жайыл районунда, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган Анарбек уулу Сагынбек сууга агып кетип, ошол күндөн бери табыла элек. 

Автоунаада жалпы 4 адам болгон. Анын үчөө унаанын ичинен өздөрү чыгышкан.