Жаңылыктар
Жумгалда 3 тонна кара куурай жок кылынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда 3 тонна кара куурай жок кылынды

Нарын облусунун Жумгал районунда 3 тонна 300 килограмм кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын облусунун аймагында баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү күчөтүү, алдын алуу, бөгөт коюу жана аны аныктоо максатында Нарын ОИИБдин буйругунун негизинде Жумгал районунун аймагында 9-июлдан 15-июлга чейин «Кара куурай» аталыштагы оперативдик-профилактикалык иш-чаралар жүрдү.

Операцияны өткөрүү алдында күч каражаттар такталып, баардыгы 23 кызматкер жана кызматтык 1 автоунаа тартылган. Кабак айыл аймагына караштуу Майда-Тал, Киндик, Маринка участкаларында жалпы 1,500 га жерде өскөн кара куурайдын 1,400 килограммы, Миң-Куш айылына караштуу Кичи жана Чоң Сары-Булак участкаларында жалпы 1,200 га жерде өскөн кара куурайдын 700 килограммы, Көк-Ой айыл аймагына караштуу Кичи-Арал, Арал участкаларында жалпы 1,15 га жерде өскөн кара куурайдын 1 тонна 200 килограммы өрттөө жолу менен жок кылынды.

Ошондой эле, баңгизаттарды мыйзамсыз ташыган адамдарды аныктоо максатында посттор уюштурулуп, унаалар текшерилип, мурда соттолгон адамдар менен профилактикалык иш- чаралар өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.