Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 31 өрт чыкты
Кырсык
Акыркы суткада өлкө аймагында 31 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 31 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 37 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 17-июлда ӨКМдин басма сөз кызматы. 

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу Лаадан Кара айылында 2 турак үйдүн жана сарайдын 295 чарчы метр чатыры, 450 түк саман күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Чие айылында сарай өрттөндү. Өрт коңшу сарайга жайылып, чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.