Жаңылыктар
Таштанды ыргыткандарга айып пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Таштанды ыргыткандарга айып пул салынды

Туш келди таштанды ыргыткандарга жана өрттөгөндөргө 2 миллион сомго жакын айып пул салынды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин карамагындагы санитардык-экологиялык инспекция быйылкы жылдын биринчи жарымында 3 миңден ашык чарбалык субъектилерди, ишкана, уюм жана жеке үйлөрдү текшерип чыкты. Анын жыйынтыгында тазалыкты бузгандарга, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендерге 2 миңге жакын эскертүү берилген. 160ка чукул жерде туш келди ыргытылган таштанды жайы аныкталып, анын 150дөн ашыгы тазаланды.

Анын көбү курулуш жүрүп жаткан объектилер жана эл жашаган жерлер. Ошондой эле шаар боюнча 70тей таштанды үкөгү орнотулду. Текшерүүдө топтолгон 600дөн ашык материал иликтенип, эреже бузгандарга айып пул салынды. Учурда 2 миллион сомго жакын айып пулдун 750 миңге чукулу өндүрүлдү. Бишкектеги акыр-чикир шаардан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан таштанды талаасына төгүлүп, өрттөлүп кетет. Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу маселеси көп жылдан бери көтөрүлүп, "курулуш башталат" деп айтылганы менен иш алдыга жыла элек.