Жаңылыктар
Жефф Безос тарыхтагы эң бай адам аталды
Дүйнө
Жефф Безос тарыхтагы эң бай адам аталды

"Амазон" интернет компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос тарыхтагы эң бай адам аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Ага ылайык, ал Билл Гейтстин 1999-жылы койгон рекордунан ашып тарыхтагы эң бай адам аталды. 1999-жылы Билл Гейтстин байлыгы 100 миллиардга жеткен. 

Ал эми Жефф Безостун байлыгынын өлчөмү 2018-жылы 52 миллиард долларга өсүп, 16-июлда 150 миллиард долларды түзгөн.

Эске салсак, "Амазон" - интернет аркылуу ар кандай товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү саткан дүйнөдөгү эң ири компания. Компаниянын башкы кеңсеси Вашингтон штатынын Сиэтл шаарында жайгашкан.