Жаңылыктар
Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстандын Сох районунда белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстандын Сох районунда белгиленди

Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстан республикасынын Сох районунда да белгиленди. Иш-чарага Самарканд, Ташкент шаарларынан жазуучу акындар, профессорлор чакырылган. Ошондой эле бул салтанатка Баткен облусунан барган делегация да күбө болду.

Мындай маанидеги иш-чаралар аталган өлкөнүн бардык булуң-бурчунда жыл башынан бери белгиленип келет. Өлкө аймагында Чынгыз Айтматовдун 90 жылдык мааркесин белгилөө боюнча мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин атайын буйругу да чыккан. 

Анын негизинде Сох районунда да Айтматовдун чыгармачылыгын баалап, чыгармаларын сүйүп окугандардын башын бириктирген иш-чара эки бөлүктөн туруп, илимий практикалык конференция жана маданий иш-чара менен улантылды. Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 179 тилине, алардын ичинде өзбек тилине да которулган. 

Ошондой эле анын ар бир китеби Өзбекстандын борбордук китепканасынан орун алган. Жалпысынан Өзбекстанда 56 кыргыз мектеби иштейт.