Жаңылыктар
ЕАЭБдин дары базарын иретке келтирүү
Экономика
ЕАЭБдин дары базарын иретке келтирүү

Бирдиктүү дары базары - Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мындан ары өнүгүшү үчүн маанилүү баскыч. Кыргызстан 2021-жылы бирдиктүү дары базарында толук кандуу иштеп баштайт. Учурда даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Бирдиктүү дары базары кандай тартиптер менен иштейт жана кандай өзгөрүүлөр болот?



Азыр Кыргызстан бирдиктүү дары базарында иштөөгө даярданып жатат. Дагы 3 жыл убакыт бар. Биздин дары тармагынын адистери 2021-жылга чейин жаңы эрежелер менен таанышып, бирдиктүү стандартка ыңгайлашып бүтүшү керек. Бул багытта Евразия экономикалык комиссиясынын серепчилери Кыргызстандын дары тармагынын өкүлдөрүнө атайын окуу семинарын өтүштү.

Дары базарындагы бирдиктүү эрежелердин кириши - эң эле биринчи өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлорго ыңгайлуу шарттарды түзөт. Себеби, дары каражаттарын каттоо иштери кыскартылат.

Бирдиктүү базар толук кандуу иштеп баштаса, эң эле биринчи жарандарга ыңгайлуулуктар түзүлөт. Аларга сапаттуу жана коопсуз дары менен медициналык каражаттар жеткиликтүү болот.

Бул багыттагы окуу семинарлар буга чейин да өтүп келген. Себеби, Кыргызстан 3 жыл аралыгында бирдиктүү дары базарынын талаптарына жооп бергидей иш жүргүзүп калышы абзел. Ал эми дары каражаттары жөнүндөгү улуттук мыйзам боюнча да алгылыктуу иштер жасалган.