Жаңылыктар
ЖК: чек ара маселеси талкууда
Чек ара
ЖК: чек ара маселеси талкууда

Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимдин долбоорун жабык эшик артында талкуулады. 

Жыйынга мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы - Раимберди Дүйшөнбиев менен өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров катышты.

Адистердин маалыматтары боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын жалпы узундугу 970 чакырым. Анын 519 чакырымы аныкталса, калган тилкеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет.