Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда Грузиянын тажрыйбасын колдонсо болот
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда Грузиянын тажрыйбасын колдонсо болот

Кыргызстан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда Грузиянын тажрыйбасын колдонсо болот. Бул максатта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жетишкен ийгиликтерине күбө болуп, тиешелүү кызматкерлерге Грузиянын тажрыйбасын терең изилдеп чыгуу тапшырмасын берди. 

Кыргызстан жалпы эле Грузиянын мамлекеттик органдарда жасалып жаткан реформасы боюнча да тажрыйба алууга жана кыргыз-грузин кызматташтыгын тереңдетүүгө кызыкдар. 


Кыргызстан кыргыз-грузин эки жактуу мамилелерин мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар. 

Эки өлкөнүн байланышы жана келечектеги мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Грузиянын Президенти Георгий Маргвелашвили менен жолугушууда талкуулады. 

Премьер-министр Грузиянын кыска убакыттын ичинде мамлекеттик органдарда жасалган реформанын жыйынтыктарына күбө болгонун жана натыйжалуу иш боюнча тажрыйба алууга кыргыз тарап маани бере турганын белгиледи.