Жаңылыктар
М.Абылгазиев «Ачык Өкмөт» демилгесинин V Глобалдык саммитине катышты
Саясат
М.Абылгазиев «Ачык Өкмөт» демилгесинин V Глобалдык саммитине катышты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Грузиянын борбору Тбилисиде "Ачык өкмөт" өнөктөштүк демилгесинин глобалдык бешинчи саммитине катышты.

Анда өкмөт башчы сөз сүйлөп, Кыргызстанда Ачык өкмөт багытында көрүлүп жаткан иш-аракеттер, жарандарга кызмат көрсөтүү тутуму толук электрондукка өткөнүн жана мекемелер аралык "Түндүк" программасы тууралуу айтып, алгачкы жыйынтыктар менен бөлүштү.