Жаңылыктар
С.Жээнбеков чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту
Экономика
С.Жээнбеков чет өлкөлөрдө эмгектенген мекендештер менен жолугушту

Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жүз миңдеген мигранттардын арасында Кыргызстанга жеке ишкана ачып, чакан инвестиция салып жаткан мекендештерибиз ондоп саналат. Алардын аракети менен аймактарда кошумча жумушчу орундары түзүлүп, өз кезегинде миграцияны кыскартууга өбөлгө болууда.

Кыргызстандан чегинен тышкары иштеген мекендештер менен бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлик жана экономиканын өнүгүшүнө зарыл болгон шарттарды түзүү боюнча пикир алмашты.