Жаңылыктар
“Айтматов ааламы” жана “Айтматовсуз аалам” аттуу даректүү фильм тартылууда
Маданият
“Айтматов ааламы” жана “Айтматовсуз аалам” аттуу даректүү фильм тартылууда

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылып жаткан тасмалар 90 жылдык мааракесине карата толук тартылып бүтөт. 

Кыргызфильм киностудиясында КРдин Эл артисти, белгилүү режиссёр Бакыт Карагуловдун "Айтматовдун дүйнөсү" жана "Айтматовсуз дүйнө" фильми менен КРдин Эл артисти Артык Сүйүндүковдун "Шам бала" деп аталган толук метраждуу, даректүү тасмаларын тартуу иштери кызуу улантылып жатат. 

Аны менен кошо Ысык-Көлдө өтүүчү Эл аралык форумга карата да кыска метраждуу тасма тартылууда.