Жаңылыктар
Баткен районунда тамеки өстүрүү иши алгылыктуу жүрүүдө
Айыл чарба
Баткен районунда тамеки өстүрүү иши алгылыктуу жүрүүдө

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында ар бир үй-бүлөнүн чарбасында тамеки өстүрүлөт. Андан сырткары күнүмдүк керектелүүчү азыктарды да чарбадан тапса болот. Ал үчүн жергиликтүү бийлик да дыйкандарга 5 жылдык арендасы менен жер бөлүп берген.

Бирок, Баткен облусунда өз жеринде минтип эмгектенүүнү каалабай, чет жакта иштеген мигранттардын саны 100 миңдей болот. Алардан облуска 11,5 млрд сом акча келсе, анын 1,5 млрды гана экономиканы көтөрүү үчүн максаттуу сарпталат. Калган акчалар жөн гана той топур, тамак аштарга сарпталып кетет. Колдон келсе ысырапка жол бербей ошол каражатты айыл чарбасына же башка пайдалуу тармакка ивестиция катары жумшасак, облустун өнүгүшүнө чоңсалым болмок дешет адистер.