Жаңылыктар
Ажылык сапарга саналуу күндөр калды
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга саналуу күндөр калды

25-июлда кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетишет. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Маалыматка караганда, ар бир уча турган топто 300 зыяратчы сапарга чыгат. 

Ал эми зыяратчылардын акыркы тобу 7-августта, Ош-Жидда багыты боюнча Мекке шаарына учат. 

Быйыл Бишкектен 6 рейс, Ош шаарынан 12 рейс кыргызстандык зыяратчыларды Меккеге ташыйт.