Жаңылыктар
Кыргызстанда “Улуу Жибек жолу” аталышындагы тоо шартында веложарыш өтөт
Спорт
Кыргызстанда “Улуу Жибек жолу” аталышындагы тоо шартында веложарыш өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу “Улуу Жибек жолу” аталышындагы тоо шартында веложарыш өтөт. Иш-чара 18-августтан 1-сентябрга чейинки аралыкта пландалган. 

Ага Казакстан, Голландия, Ирландия, Финляндия, Франция, Норвегия, Швейцария, Түштүк Африка, Австрия, Германия, Индия жана башка дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 100 жакын спортчу катышары күтүлүүдө. Бул өлкөнүн туристик потенциялын көтөрүү жана дүйнө элдерине таанытууга шарт түзөт дейт уюштуруучулар.  

Жарыш Бишкек-Токмок-Нарын-Соң-Көл-Ысык-Көлдүн түштүк жээги - Кемин маршруту аркылуу жүрмөкчү. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"