Баткенде жаштар менен белгилүү тарыхчылар элдик ыңкылаптардын келип чыгыш себептерин талкуулашты. Тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулган конференцияга тарыхчылар, илимдин кандидаттары, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана студенттер катышты.
Иш чарада «Аксы окуясына 14 жыл» аталышындагы видеотасма көрсөтүлдү. Анда Аксы окуясынын келип чыгышы жана натыйжалары тууралуу айтылды. Аксы окуясында айылдык жети киши тек гана өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашырууга умтулушканы үчүн курман болушкандыгын тарыхчылар тастыктады.
Беш жылдын ичинде Кыргызстанда болгон эки элдик революция менен кыргыздар эч кимге баш ийбеген, эркиндикти сүйгөн жана ал үчүн күрөшө билген баатыр эл экенин далилдей алды дейт КРПрезидентинин алдындагы “Мурас” фондунун башчысы Тынчтыкбек Чоротегин.