Жаңылыктар
Өкмөт башчынын Грузияга болгон иш сапары жыйынтыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчынын Грузияга болгон иш сапары жыйынтыкталды

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Грузияга болгон сапары жыйынтыкталды. «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-саммитинин алкагында премьер-министр Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили жана премьер-министри Мамука Бахтадзе менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Грузиянын алгылыктуу аракеттери, иш багыттарынын бардыгы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган делегацияга тааныштырылды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"