Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнуна карата Кырчын жайлоосуна кетчү жол жасалууда
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюнуна карата Кырчын жайлоосуна кетчү жол жасалууда

Быйыл Көчмөндөрдүн III дүйнөлүк оюндарында мурда кеткен кемчиликтер кайталанбашы керек. Ал үчүн Кырчын жайлоосуна бара турчу жолдо унаа тыгыны болбошу үчүн Григорьев капчыгайы аркылуу кирген альтернативдүү жол курулууда. 

Көпүрөлөр оңдолуп, электр жарыгы толук киргизилип, жайлоонун ифраструктурасын жакшыртууга көңүл бурулууда. Боз үйлөр жайгашкан айыл толугу менен түнкүсүн жарык менен камсыз болот. 

Ал эми Кырчында өтүүчү маданий иш-чаралар үчүн жаңы сахналарды жасалгалоо иштери, орундуктарды орнотуу иштери адистер тарабынан жүргүзүлүп жатат. Бул багытта ар бир кызмат өзүнө тийиштүү иш-чаралар менен алек. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"