Жаңылыктар
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт
Өзгөчө кырдаал
Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өлкө аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 31-марттан 2-апрелге чейин республиканын айрым аймактарында жамгыр жаап, тоолуу аймактарда карга айланат. ал эми Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында нөшөрлөгөн жамгыр төгөт. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдагандай, бийик тоолуу аймактардагы унаа жолдордо кар күрткү болуп, муз тоңушү күтүлүүдө. Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. 1-2-апрелде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6 градус, күндүз +8…+13 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт.