Жаңылыктар
Жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуу

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген эң талылуу маселелер - сот укук коргоо органдарынын коррупцияга батканы, социалдык абал, экология, медицина, билим берүү, сөз эркиндиги. Санай берсең тизме түгөнбөйт. Реформага муктаж болгон тармактардагы көйгөйлөрдү жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн президент менен болгон жолугушууда көтөрүшүп, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Президент жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушаары мурунтан эле айтылып келген. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер өздөрү деле көптөн бери мындай көп курамда чогулбагандай, жолугушуу башталганга чейин бири бири менен баарлашуунун да ыңгайын табышты.

Жолугушуу белгиленген убакыттан беш мүнөт эрте башталды. Ага өкмөттүк эмес уюмдардын жана коомдук активисттердин 40 өкүлү чакырылган. Президент өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, алдыдагы максат өлкөнүн келечеги үчүн кызмат кылуу экенин белгилеп, мында мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи. 

Акыркы жылдары Кыргызстанда күчтүү жарандык коом түзүлгөнүн белгиледи. Президенттин айтымында, бул сыймыктана турган чоң жетишкендик. Эми мындай потенциалды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сактап, бекемдөө зарыл. 

Коррупцияга каршы күрөш тууралуу да айтып, мамлекет башчысы бул иш убактылуу «өнөктүккө» айланбашы керек экенин белгиледи. Ал азыркы кезде чиновниктердин декларацияларын текшерүү башталганын эске салды.

Жолугушуу андан ары суроо жооп форматында уланды. Сүйлөгөндөрдүн ар бирине 3 мүнөттөн берилип, ар бир тармак боюнча көйгөйлөр көтөрүлдү. Маанилүү маселелердин бири - акыркы үч жылда өлкө аймагында кароосуз калган балдардын саны 8800дөн, 13 миңге чейин өскөн. Дээрлик 30 пайызга. 

Мындан сырткары көтөрүлгөн суроолордун көпчүлүгү сот, укук коргоо органдарындагы коррупцияга байланышкан. Укук коргоочулар сот тармагындагы реформа жылбай жатканын айтышып, президент саясий негизде камакта жатат делген адамдар боюнча да суроого ачык жооп берди. 

Коррупция ички иштер министрлигинде да, анын ичинен жол коопсуздук кыймылынын көзөмөлдөө кызматында да тамыр жайган. Жыйында белгилүү болгондой, орчундуу маселелер боюнча жумушчу топтор түзулүп, ага дал ошол маселени которгон жарандык коомдун өкүлдөрү тартылат. Президент жол коопсуздук кыймылынын көзөмөлдөө башкармалыгын реформа кылуу боюнча маселе которгон Тамерлан Ибраимовду атайын топту жетектеп берүүнү сунуш кылды.

Кыргызстанда экология маселеси да курч көйгөйлөрдүн бири. Адистер өлкөдөгү экосистеманын бузулуу көрсөткүчү жыл санап жогорулап баратканын белгилешти. 

Буга катар медицина тармагынын абалы, аны реформалоо багытталган иш-чаралардын топтому сунушталды. Укук коргоочулар көтөргөн маселеге президент өз пикирин билдирди. Эгемендик алгандан бери диний кырдаалга жеткиликтүү көңүл бурулбай келгени жашыруун эмес. Теолог Кадыр Маликов диний чөйрөдөгү маселелерге жүргүзгөн талдоолорунун жыйынтыгын, ага чара көрүү сунуштарын айтты. 

Жолугушуу 4 сааттан ашык созулду. Көйгөйлүү деген бардык тармактар боюнча маселелер көтөрүлүп, катышуучулардын ар бири сөз сүйлөдү. Жарандык коом жолугушуунун жыйынтыктарына канааттанганын баса белгилешти. 

Укук коргоочулар президенттен жолугушууларды мындан ары да улантып, өлкөдө орун алган көйгөйлөрдү ийри отуруп түз кеңешүүнү өтүнүштү. Эң негизгиси бүгүн айтылган маселелер кагаз жүзүндө калбай, жүзөгө ашырылышы керек. Өлкө башчысы ага бардык күч аракет жумшаларын, ага катар жарандык коомдун көмөгү маанилүү экенин белгиледи.