Жаңылыктар
Айтматовдун чыгармалары тасмада
Маданият
Айтматовдун чыгармалары тасмада

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылып жаткан тасмалар 90 жылдык мааракесине карата толук тартылып бүтөт. Кыргызфильм киностудиясында КРдин Эл артисти, белгилүү режиссёр Бакыт Карагуловдун "Айтматовдун дүйнөсү" жана "Айтматовсуз дүйнө" фильми менен КРдин Эл артисти Артык Сүйүндүковдун "Шам бала" деп аталган толук метраждуу, даректүү тасмаларын тартуу иштери кызуу улантылып жатат. Аны менен кошо Ысык-Көлдө өтүүчү Эл аралык форумга карата да кыска метраждуу тасма тартылууда.

Залкар жазуучунун түбөлүктүү темаларын камтыган чыгармаларынын негизинде тартылып жаткан тасмалардын бири “Айтматов ааламы” жана “Айтматовсуз аалам” аттуу даректүү фильми. Өзөгү, идеясы жазуучунун өзүнүкү эле калтырылып, жаңыча көз караш менен Айтматовдун жазылып ачыкка чыкпай калган, биз окубай калган философиялык ойлорун коомчулукка жеткирүү башкы максатыбыз дейт режиссёр . 

Чыгармачыл топ учурда тасманы тартып да монтаждап да үлгүруп жатышат. “Айтматов ааламы жөнүндө” дагы Азербайжанда, Татарстанда, Россияда, Өзбекстанда жана Түркияда да тартылып жаткандыгын Кинодепартаменттин жетекчиси Муктаалы Бектеналиев билдирди. 

Адамдын улуулугун, бийиктигин даңазалаган жакшы чыгармаларды кино аркылуу элге жеткирүүгө ар бир режиссер умтулат. Идеология менен жаап-жашырылган совет жашоосунун чыныгы жүзүн көрсөткөн эң мыкты “Ак Кеме” повести боюнча да “Шам бала” көркөм тасмасы тартылып жатат. Мурдагысынан өзгөчөлүгү бере турган ою жана андагы окуялары бир аз башкачараак. Бул тасманы тартуу демилгеси Айтматовдун көзү тирүү кезинде эле көтөрүлгөн дешет.

Айтматовдун чыгармалары түбөлүккө жашачу, өмүрү узун чыгармалар болгондуктан көп чет өлкөлөр биргелешип экрандаштырууну сунуштап жатышат. Киночулар залкардын чыгармачылык өмүрү кайрадан жандана баштагандыгын айтышууда.