Жаңылыктар
Кыргызстан-Япония кызматташтыгы
Экономика
Кыргызстан-Япония кызматташтыгы

Өлкөдө жакында эле ачылган япониялык Токио Роуп корпорациясынын филиалында кыргызстандык тоо-кен инженерлери иштеп башташты. Учурда кыргыз адистери тил үйрөнүп, табият кырсыгын жоюу багытында адистик чеберчилигин жогорулатып жатышат. Дүйнөгө белгилүү корпорация биздин адистерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?

Нурдан Ибраимов Япониялык Токио Роуп корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө жакында эле жумушка орношту. Ал жарандык жана өнөр жай курулушу боюнча адис. Учурда эки кесиптеши менен бирге япон тилин үйрөнүүдө. 

Инженерлер япон тилин үйрөнүп баштаганына эки ай болду. Бул аралыкта алар окуп, жазууну гана эмес, күнүмдүк турмушта зарыл болгон сөздөр менен сүйлөөгө да жетишип калышты. Тил билүү жумуш үчүн зарыл - дешет компаниянын жаңы кызматкерлери. 

“Компания жаратылыш кырсыктарынан коргоо менен алектенет. Кырсыкка каршы туруунун сырларын окуп жатабыз. Япон тилинде билим алуу максатында тилди да үйрөнүп жатабыз. Буйруса квалификациябызды жогорулатып, ушул багытта ишти улантуу үчүн Японияга барабыз”, - жарандык жана өнөр жай курулушу боюнча адис Ярослав Калабин.

Токио Роуп корпорациясы жаратылыш кырсыктарын жоюу боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, турмушка ашырат. Корпорациянын адистери, кыргызстандык инженерлердин деңгээли жогору экенин айтууда. 

“Биздин жаңы кызматкерлерибиз - кыргызстандык инженерлер абдан олуттуу жана талантуу балдар. Булар биздин компаниянын өкүлчүлүгүнүн өзөгү болот - деп күтөбүз жана тоо-кен инженерлеринин санын көбөйтүп, компаниябыздын өсүшүнө өбөлгө болот деп ойлойм. Кырсыктардын алдын алуудагы технологиялар жана тоо-кен технологиялары окшош болгондуктан, Кыргызстандын инженерлери Токио Роуп иштеп чыккан технологияларды кабыл алып, колдонот деп ишенебиз”, - “Tokyo Rope Construction and Mining Company” корпорациясынын башкы директору Кокичи Сироиси.


Жакында корпорациянын төрагасы Шигето Танаканы президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган. Мамлекет башчы кыргыз тарап кыргыз-япон достук мамилесинин өнүгүүсүнө өзгөчө маани берээрин белгилеген. 

Корпорациянын жетекчиси Кыргызстандагы компаниянын кызмат көрсөтүүсү дүйнөлүк деңгээлге чыгат - деген ишенимин билдирип, Кыргызстанда корпорациянын өкүлчүлүгүн ачуу компания үчүн туура кадам болгонун белгиледи.