Жаңылыктар
Педофилдерди өлүм жазасына тартуу мыйзамы кабыл алынабы?
Кылмыш
Педофилдерди өлүм жазасына тартуу мыйзамы кабыл алынабы?

Бүгүнкү күндө сексуалдык зордук зомбулукка кабылган жаш балдардын 80 пайызы өздөрүнүн жакын туугандары тарабынан жапа чегүүдө. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди. Жыйында педофилдерди өлүм жазасына тартуу маселеси да көтөрүлдү. 

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү мындай жол менен маселени чечүү мүмкүн эместигин, бардыгы үй-бүлөдөгү таалим тарбияга  байланыштуу экендигин баса белгиледи. 

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"