Жаңылыктар
Мигранттар тарабынан Кыргызстанга 2 млрд АКШ доллары которулду
Экономика
Мигранттар тарабынан Кыргызстанга 2 млрд АКШ доллары которулду

Кыргызстандын чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттары экономикага өз салымдарын кошуп, реалдуу инвестор боло алышат. Алардын катарында Кыргызстанга жеке ишкана ачып, чакан инвестиция салып жаткандары дагы аз эмес. Эмгек мигранттарынын аракети менен аймактарда кошумча жумушчу орундары түзүлүп, өз кезегинде миграцияны кыскартууга дагы өбөлгө болууда. 

Миграция кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүнкү күндө жакынкы жана чет өлкөлөрдө жашап жана эмгектенген жарандарыбыздын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча миллиондон ашары айтылып келет. Улуттук банктын маалыматына ылайык, былтыр эмгек мигранттары тарабынан Кыргызстанга 2 миллиарддан ашуун АКШ доллары которулган. Бул ички дүң продукциянын 34 пайызын түзөт. Ал эми азыркы күндө эмгек мигранттарынын башкы көйгөйлөрү каттоо маселеси, пенсия фонду жана камсыздандыруу болуп саналат.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"