Жаңылыктар
Кыргызстанда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтөт
Маданият
Кыргызстанда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтөт

Кыргызстанда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" фестивалы өтөт. 150дөн ашык кыргызстандык жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жарманкеге коюлат. 

Иш-чарага Россия, Индия, Афганистан жана Борбор Азия мамлекеттеринен коноктор келери күтүлүүдө. Анын алкагында дизайнер, кол өнөрчү студенттердин арасында "Этномода" сынагы, "Элечек" флешмобу жана "Эмен багы" галереясында автордук куурчактардын көргөзмөсү болот. 

Максаты - Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн рыногун кеңейтүү. Фестиваль 26-июлда Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатрынын алдында өтөт. Ал эми 31-июлда Чолпон-Атада уланып, 5-августта жыйынтыкталат.