Жаңылыктар
Жол кырсыгынан каза болгондор көбөйдү
Кырсык
Жол кырсыгынан каза болгондор көбөйдү

Бишкекте акыркы алты айдын ичинде жол кырсыгынын кесепетинен 26 адам каза болгон. Буга себеп айдоочулардын эреже бузушу жана жөө жүргүнчүлөрдүн өз коопсуздугуна болгон кайдыгерлиги. 

Борбордо жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалыгы коомдук транспорт айдоочулары  менен биргеликте жолугушуу өткөрдү. Анда жол кыймылынын кызматкерлери айдоочуларды жол эрежелерин сактоого жана бирге иш алып барууга чакырды.

Гүлмайрам Асылбекова, "Биринчи радио"