Жаңылыктар
Президент Бишкек шаарындагы эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты
Экономика
Президент Бишкек шаарындагы эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышты

Ишкер чөйрөнү өнүктүрүүгө жана өлкөгө келген инвестицияны коргоого зарыл болгон шарттардын бардыгы түзүлүшү керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы эркин экономикалык аймагынын иши менен таанышуу учурунда билдирди. Бизнестин өнүгүүсүнө алгач, саясий туруктуулук, инвестицияларды коргоо кепилдиги, инфраструктуранын сапаты жана жумушчу күчтүн квалификациясы зарыл экени белгиленди. 

Бишкек эркин соода аймагы кыргыз экономикасына чет элдик инвестицияларды тартууда натыйжалуу иш алып барууда. Мында ар тармактагы бизнес долбоорлорду өнүктүрүү үчүн, инвесторлордун укугун коргоо жаатында жагымдуу шарттар түзүлгөн. Азыркы күндө эркин соода аймагында 330дан ашык субъектилер ишмердигин жүргүзүүдө. Алар тамак аш азыктарынан тартып, өнөр жайга керек болгон түрдүү товарларды өндүрөт.

Президенттин эркин соода аймагынын ишмердиги менен таанышуу үчүн келгени бекеринен эмес. Мамлекет ишкер чөйрөнү өнүктүрүп, ага колдоо көрсөтүүнү артыкчылыктуу багыт катары кароодо. Өлкө башчысы алгач монолиттик биметалл радиаторлорун чыгаруучу заводдун курулушу менен таанышты. Заводду ишке киргизүү сентябрь айына пландалууда. 300дөн 500гө чейин жаңы жумушчу орундарын түзүү караштырылып жатат. Компаниянын ишканага салымдарынын жалпы көлөмү ушул кезге чейин 200 млн сомдон ашты.

Президент ошондой эле кездеме чыгаруучу заводун көрүп чыкты. Ишканада тигүүчү жиптерди, пахта кездемелерин чыгарышып, жип ийришет. Жумуш менен 100 адам камсыз болгон, жылдын аягына чейин алардын санын 200гө чейин көбөйтүү пландалууда. Акыркы эки жылда компаниянын өнүктүрүүгө кошулган жалпы салымдын көлөмү 240 млн сомдон ашты.

Президент мындан сырткары эркин экономикалык аймакта өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Анда тамак аш азыктары, электр жана өндүрүш жабдуулары, тигүү өндүрүшү, курулуш, чарба буюмдары, эмеректер коюлган.

Сооронбай Жээнбеков ишкер чөйрөнү өнүктүрүү үчүн аларга шарт түзүп берүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү органдарга бизнести текшерүүнү азайтуу тапшырмасын берди. Бул айрыкча салык жана фискалдык органдарга тиешелүү. Мунун баары мамлекетти өнүктүрүп, жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесинин деңгээлин көтөрүп, түшкөн салыкты көбөйтүү максатында жасалышы керек.

Эркин экономикалык аймактын ар бир субъектисинин натыйжалуулугунан экспорттук потенциал, ата-мекендик продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгү, калктын жумуш менен камсыз болушу, аймактын жана жалпы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жогорулайт. Мамлекет башчысы эркин соода аймагынын инфраструктурасына көңүл буруп, эл аралык талапка жооп бере турган шарттарды түзүү керек деди. Ошондой эле кыска мөөнөттө ЕАЭБнин алкагындагы атаандаштыктын шарттарында Эркин экономикалык аймакты өнүктүрүү боюнча көз карашты даярдоо зарылчылыгы белгиленди.