Жаңылыктар
Суусамыр өрөөнүндө малчылардын жыйыны болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Суусамыр өрөөнүндө малчылардын жыйыны болуп өттү

Суусамыр өрөөнүндө бүгүн малчылардын жыйыны болуп өттү. Ага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да барып катышып келди. “Мал чарбасын өнүктүрүү өкмөттүн приоритеттүү багыттарынын бири, айрыкча аймактарды өнүктүрүү жылында бул тармакка жетиштүү көңүл бурулушу керек”, - деди Премьер-министр. Малчылардын бешинчи жыйынына Кыргызстандын бардык райондорунан фермерлер келип катышты. Иш-чарада асыл тукум мал-жандыктардын көргөзмөсү да болуп өттү.

Анвар Рамазанов 10 жылдан бери ири мүйүздүү мал кармайт. Анын мал чарбасында чет өлкөдөн алынып келген 500дөн ашык уй жана музоосу бар. Мисалы, голштейн породасындагы уй сүттү көп берсе, абердин-ангус породасындагы ири мүйүздүү мал эт багытында багылат.

Руслан Маткасымов Нарын облусунан келген. Ал көп жылдан бери асыл тукум койду көбөйтүүнүн үстүндө иштеп келет. Руслан слётко Тянь-Шань жарым уяң жүндүү породасындагы тубар койлорун жана кочкорлорун алып келген. Анын короосунда 500дөн ашык кой бар.

Малчылардын айтымында, кой-эчкиге көбүнчө Казакстандыктар кызыгат. Мындан улам, майда малдын басымдуу бөлүгү кошуна өлкөгө сатылат.

Өкмөт башчы мал чарбасын өнүктүрүүгө колдоо болот деп ишендирди. Акыркы 5 жылда айыл чарбаны колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилип келет. Бул үчүн 28 миллиард сом бөлүнгөн. Каражаттын жарымы мал чарбасына багытталган. Премьер-министр бул тармак кайра жанданып жаткандыгын айтып, сандап сапатка өтүү мезгили келгендигин белгиледи.

Өкмөт башчы жайыттар маселесине да токтолду. Мал чарбасын өнүктүрүүдө тоют да жетиштүү болушу абзел.

Мал чарбасын кайра жандандыруу боюнча өкмөттө бир катар конкреттүү иш-мерчемдер белгиленип жатат. Анын ичинде аймактарды түрдүү багыттагы адистер менен камсыздоо маселеси да бар. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматында, учурда өлкөдө бир жарым миллион ири мүйүздүү мал, 6 миллиондон ашык майда мал жана 820 миң жылкы багылат.

Кыргызстандын 70 пайыз калкы элет жеринде жашайт. Көпчүлүк эл мал чарбасы менен алектенет. Бул тармак өлкөнүн экономикасын алга жылдырууда маанилүү. Муну эске алуу менен кыргыз өкмөтү конкреттүү иш-мерчемдерди белгилеп, тармакты өнүктүрүүгө багыт алды.