Жаңылыктар
Экс-мэр Албек Ибраимов 29-августка чейин камакка алынды
Коррупция
Экс-мэр Албек Ибраимов 29-августка чейин камакка алынды

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 29-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Ибраимов баш калааны башкарып турганда Бишкектен 5 гектар жерди жасалма документтер менен жарандарга берген, “Дастан” ишканасын жетектеп турганда коргонуу багытындагы жабдыктарды баасын ашырып сатып алган жана "Күнөстүү жээк" пансионатын сатуу менен миллиондогон зыян келтирген деп шектелүүдө.

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. Шаардык депутаттар баш калаанын мэриясында кыйын кырдаал жаралганына карабастан мэр эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин буга расмий себеп катары көрсөтүшкөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Албек Ибраимовду 19-июлда кызматынан бошотту. Ушул эле кечинде Ибраимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы баш калаа мэри тергөө иштери аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин камакта калат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти 28-майда Албек Абраимовго карата кылмыш ишин козгогон. Ал "Дастан" заводунун башкармалыгынын жетекчиси болуп турганда кымбат баада жабдыктарды сатып алуу менен 270 миң долларды өз пайдасына жумшаган деп шектелүүдө.

Албек Ибраимов мындан башка да бир нече кылмыш ишинин алкагында шектелип жатат. Ал ушул эле “Дастан” ишканасына караштуу "Күнөстүү жээк" пансионатын сатуу менен 152 миллион сомго зыян келтирүү жана борбор калааны башкарып турганда 5 гектардан ашык жер тилкесин сатуу боюнча козголгон үч кылмыш иши бар.

Ишенип берилген мүлктү өз пайдасына кымырып алуу, коррупциялык аракеттер менен Бишкектен 5 гектар жерди жасалма тараптарга берүүгө түздөн түз көрсөтмө берген деп шектелип жаткан баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимов Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 30 гектар жер аянтын ээлеген үйдө жашайт. Бишкектин экс-мэри жашаган үйүнөн тышкары дагы жүздөгөн гектар жердин ээси.

Жалпысынан Албек Ибраимовдун бир эле Арашан айылында өзүнө таандык 320 гектар жер тилкеси бар. Ал эми жубайы Айнура Ибраимова айыл чарба багытындагы 147 даана чарбага ээлик кылат.
Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, мурдагы баш калаа мэри тергөө иштери аяктаганча, тагыраагы 29-августка чейин камакта калат.