Бүгүн улуттук гвардиянын түзүлгөнүнө туура 26 жыл толду. Көз карандысыз мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо максатында президенттин 1991-жылдын 3-декабрындагы жарлыгы менен улуттук гвардия түзүлгөн. 1992-жылдын 20-июлунда жазгы чакыруудагы алгачкы гвардиячылар мекенине жана элине ант берген. Куралдуу күчтөрдүн №701 аскер бөлүгүндө салтанаттуу иш-чара өттү.
Алгач улуттук гвардиянын күжүрмөн туусу чыгарылып, жоокерлер гвардиянын кол башчысы Алмаз Карасартовду тосуп алды. Кол башчы куттуктоосун айтып, тартип менен биримдик кыргыз аскеринин урааны экенин айтты.
Улуттук гвардия маанилүү стратегиялык обьектилерди кайтарууга, чет өлкөдөн келген жогорку деңгээлдеги делегацияларды тосууга, протоколдук жана ритуалдык иш-чараларга тартылат.
Аскердик кызматын үлгүлүү өтөгөн кызматкерлер төш белги, грамота жана акчалай сыйлык алышты. Сыйлыкка татыгандардын арасында гвардиянын капитаны Максат Рахимидинов дагы бар. Ал кыргыз өлкөсүн чет өлкөдө таанытып келген.
Иш-чарага куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери менен жоокерлердин туугандары келди.
Салтанат улуттук гвардиянын маршы менен уланып, экинчи бөлүгүндө гвардиянын аскер оркестринин чакан концерти болду.
№714 аскер бөлүгүнүн атайын багыттагы жоокерлери курал менен саптык ыкмаларын көрсөттү.
Иш-чара эстрада ырчыларынын ыр-бийи менен коштолду.