Жаңылыктар
Египет: учак барымтага алынды
Дүйнө
Египет: учак барымтага алынды

Египетте учакты басып алгандар андагы жүргүнчүлөрдүн дээрлик бардыгын бошотту, бирок экипаждын мүчөлөрүн коё берген жок. Рейтерс агенттиги маалымдагандай учурда учактын ичинде 4 чет элдик жаран жана экипаж кармалууда. Буга чейин маалымдалгандай, Александриядан Каирге багыт алган учакты абага көтөрүлгөндө белгисиз адамдар басып алган. 

Кийинчерээк учак багытын өзгөртүп Кипрдын Ларнак шаарына барып конгон. Жүргүнчүлөр учакты басып алгандар менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн натыйжасында эркиндикке коё берилди. Божомолдор боюнча учакта 80ге жакын жүргүнчүлөр менен бирге экипаждын 7 мүчөсү болгон. 

Учакты басып алгандар учкучту белдерине байланган жанкечтинин куру менен коркутуп, барымтага алышкан. Алар азырынча эч кандай талаптарды коюша элек экенин Кипрдын тышкы иштер министрлигинин катчысы билдирди.

Ошол эле учурда Кипр телеканалдары учакты Египеттин Ибрагим Самаха аттуу жараны басып алганын кабарлады. Ул учакты кондурган Ларнак шаарында анын мурдагы аялы жашайт. Азырынча учак жеке максаттар менен басылып алынганы айтылууда.